«Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ААК Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Дружба» пансионатынын базасында эл аралык деңгээлдеги заманбап курорттук комплекс түзүү долбоорун ишке ашыруу үчүн башкаруучу компанияны / мейманкана консультантын тартуу боюнча тандоо жарыялайт.

 

Долбоор объектти реконструкциялоону жана өнүктүрүүнү, ошондой эле эл аралык бренд алдындагы 4–4+ жылдыз категориясындагы курорттук мейманкананы ишке киргизүүнү камтыйт. Ошондой эле долбоор концепцияны жана финансылык моделди иштеп чыгуудан тартып, объектти ишке киргизүү жана андан кийинки операциялык башкарууга чейинки бардык этаптарда коштоо каралган.

 

Төмөнкү багыттар боюнча эл аралык тажрыйбасы бар компаниялар катышууга чакырылат:

  • мейманкана концепцияларын иштеп чыгуу;
  • бизнес-пландарды жана финансылык моделдерди даярдоо;
  • аралык мейманкана бренддерин (франшиза) тартуу;
  • pre-opening жана мейманкана объекттерин операциялык башкаруу.

 

Катышуу шарттары жана талаптары боюнча кеңири маалымат техникалык тапшырмада камтылган.

«Дружба» пансионатынын базасында эл аралык деңгээлдеги заманбап курорттук комплекс түзүү долбоорунун алкагында башкаруучу компанияны / мейманкана консультантын тандоого катышуу боюнча сунуштар жана материалдар «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ААКнын расмий электрондук дарегине жөнөтүлүүсү керек: office@nif.kg

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү — 2026-жылдын 18-майына чейин.

Техзадание для проектирования пансионата Дружба